Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Баткен облусунда мамлекет башчысы «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат. Мындан сырткары, энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.

Иш сапардын экинчи күнүндө Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районуна барат.