Кылмыш-кырсык

Алайда кар көчкү астында калган өспүрүмдүн сөөгү 8 күндөн кийин табылды

Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында мал караганы кетип дайынсыз жоголгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү кар көчкүнүн алдынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 10-апрелдеги издөө иш-чараларына ӨКМдин Алай районундагы бөлүм башчысы, 20 жергиликтүү тургун жана бир экскаватор тартылган. Сөөк саат 09:20да табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген.

Өспүрүм 2-апрель күнү мал кайтарганы кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Ошол эле күнү аймакта кар көчкү түшкөнү белгилүү болгон.

Анын кар көчкү астында калганы божомолдонуп, издөө иштерине жалпысынан 200дөй киши тартылган болчу.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button