Бүгүн 13-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши кайрадан каралды.

Соттук отурумда прокурорлор далилдердин жоктугуна байланыштуу айыптоону колдобой турганын айтышты.

Андан улам, Өмүрбек Текебаевди сот актады.

Соттон кийин саясатчы журналисттерге  комментарий берип жатып, соттук ишке президент Садыр Жапаров аралашпаганын айтты.

“Жаңы Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул тармакты реформалоонун үстүндө иштеп жатканы көрүнүп турат”, – деди ал.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден ири өлчөмдөгү пара алган деп 2017-жылы камалган. Кийинчерээк Жогорку сот анын ишин кайра кароого жиберген болчу.