Коом

Бишкекте кайрадан Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында митинг өтүүдө

Бишкекте кайрадан Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында митинг өтүүдө. 100гө жакын адам Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда.

Нааразычылык акциясы Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшү жөнүндө белгилүү болгондон кийин уюштурулган.

Катышуучулар кызгылт сары тасмаларды алып келишти. Алар каза болгон Айзада Канатбекованын элесине арнап аларды, Ички иштер министрлигинин имаратынын тосмосуна байлашат.

Эске салсак, кыз 5-апрелде күч менен никеге туруу максатында уурдалып, кийинчэрээк жансыз денеси табылган.

Кызды уурдоого катышкан бардык шектүүлөр кармалып, камакка алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button