Каракалпакстандын Элликкала аймагында Ахмад Ниязимбетов аттуу жаранга таандык короодо өрт чыгып, натыйжада 440 баш кой-эчки тирүүлөй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу УзА агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2021-жылдын 22-марттан 23-мартка караган түнү болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 173-беренеси (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат.