Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда.   Бул тууралуу мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова брифингде билдирди.

Борбор калаада COVID-19 учурлары катталгандыгына байланыштуу 15 мектеп онлайн билим берүүгө толугу менен өттү.

Мындан тышкары, анын айтымында, дагы 14 мектепте өзүнчө класстар онлайн билим берүүгө өтүштү.

“Ошондой эле мугалимдердин арасынан оору жуккан 24 учур катталды, алардын алтысынан пневмония аныкталды. Жалпысынан 3 миң 746 мектеп окуучусу КРВИ менен ооруп жатат”, — деп билдирди ал.