Кыргызстанда коронавирустун «британиялык» штаммы катталды. Бул тууралуу   саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев  билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда коронавирус аныкталгандардын 50%ы «британиялык» штамм болуп саналат.

Ал коронавирустун бул түрү коркунучтуурак экенин белгиледи.

“Мурдагы штамм чогуу болгондордун арасында 1-2 адамга жукса, британдык штамм бир оорулуудан 3-5 адамга чейин жугушу мумкүн. Бул вирус агрессивдүү. Азыр чараларды көрүп жатабыз, Россиянын вакцинасын тезирээк алып келип, элди эмдөө керек”, — деди министр.