Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болуп Бактыгүл Султангазиева дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев Бактыгүл Султангазиеваны жамаатка тааныштырды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.