Нарында жаш келинди атка сүйрөтүп өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды.  Бул тууралуу Нарын облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 23-январында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Теңдик айылынын Тынай-Булак кыштоосундагы сарайда 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылып, анын күч колдонуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Келинди өлтүрдү делген шектүү Ош облусунун Ноокат районунан кармалган. Ал Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну болгон.
Бул окуя боюнча Кочкор райондук соту чечим чыгарды. Анда айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды. Маалыматка ылайык, чечим 20-апрель күнү чыккан.