Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев 86 жаш курагында каза болду. Кабарды билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев  Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Министр Какеевдин каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

«Кыргызстандын билим, илим тармагында эмгектенип, бир кезде билим берүү, илим жана маданият министри (1993-1998) болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн профессорлорду тарбиялаган Аскар Какеев агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Агайдын дүйнө салганын угуп кабыргабыз кайышып, кайгырып турабыз», — деп жазылган билдирүүдө.

Илимпоз 1935-жылы Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөн. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн. Философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993).

1958–60-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин архив фондунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп эмгек жолун баштаган. Бир катар илимий институттарда иштеген. 1992-жылдын декабрь айынан тарта президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган. 2000-жылдан КУУнун ректору, президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.