Өлкөдө акыркы суткада, жугуштуу пневмония жана COVID-19дун 199 жаңы учуру аныкталып, 2 жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында 138,
Ош шаарында — 9,
Чүй облусунда — 29,
Ошто — 2,
Таласта — 6,
Нарында — 1,
Ысык-Көлдө — 11,
Жалал-Абадда — 3 катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 оорусунун 94 миң 30 учуру катталды.
Ал эми, коронавирустан эки адам каза болду.
Каза болгондордун бири Бишкек шаарында, экинчиси Нарын облусунда катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада 1584 адам каза болду.