Интернеттин тажик сегментинде тараган «КР чек арачылары тарабынан эки тажик окуучусу сабалды» делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорудагы маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, анда тажик тарап КРнын чек арачылары тарабынан тажик окуучуларынын кармалышы жана сабалышы боюнча фактыны расмий түрдө четке какты.

Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тажик мектеп окуучуларынын кармалышы тууралуу маалымат фейк экенин моюнга алышты.

КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарапты кыргыз тарапты негизсиз айыптоодон баш тартууга, ошондой эле мамлекеттик чек арада кырдаалды курчутууга өбөлгө түзгөн ар кандай билдирүүгө бөгөт коюга чакырат.