Коом
Коронавирус. 322 жаңы учур катталып, 3 бейтап каза болду
Бүгүн, 28-апрелге карата өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония илдети дагы 322 жарандан аныкталып, 3 бейтап каза болду. Аймактар боюнча алганда:
Бишкек шаары – 227;
Ош шаары – 9;
Чүй облусу – 59;
Ош облусу – 6;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 2.
Өлкө боюнча жабыркагандардын жалпы саны 94 миң 599 болсо, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы 50 миң 999, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы 43 миң 600.
Акыркы суткада COVID-19дан эки, пневмониядан бир адам каза болду.
Республика боюнча каза болгондордун жалпы саны 1 миң 592 кишини түздү.