Коом

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева каза болду

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева дүйнөдөн өттү. Бул тууралу «Ата Мекен» партиясынын Саясий кеңешинен билдиришти.

Тилла Текебаева жакында 90го чыкмак. Апа көптөн бери ооруп жаткан.

““Ата Мекен” партиясынын жалпы мүчөлөрүнүн атынан партия төрагасы Өмүрбек Текебаевге жана жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөбүз.

Тилла апанын арты кайырлуу, ыйманы саламат болсун! Жараткан Бейишинен орун берип, калган өмүр-жашын балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө берсин!

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрель Акман айылында өтөт”,-деп жазылат Саясий кеңеш тараткан маалыматта.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button