Коом

Чек арадагы кырдаалды турукташтыруу аракети көрүлүүдө

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Эки тарап тең бир бирине  пикирлерин ачык айтып, кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатышат.

Облус башчылары буга чейин макулдашкандай, биринчи кезекте  ок атууларды толугу менен токтотууну жана кагылышуулардан жапа чеккен аймактардан өздөрүнүн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүшүүдө.

Ошондой эле эки тараптан тең тосулган унаа жолдорун ачып, каттамды калыбына келтирүүнү сүйлөшүштү.

Азыркы тапта аймакта ок аткан учурлар жок.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button