Аламүдүн районунун Лебединовка айылында уурдалды делген 1995-жылы туулган Изят Курбанова табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери Изятты бүгүн, 7-майда кечки саат 16:30 чамасында Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табышты. Учурда Изят милиция бөлүмүндө, тергөө амалдарынан соң ата-энесине өткөрүлүп берилет.

Милиция кызматкерлери Изятты табуу үчүн видеокамераларды карап, Изят жана аны уурдады делген Абдумалик менен байланышы бар бардык адамдарды сурап, Бишкек жана Аламүдүн районундагы мейманкана, кароосуз калган имарат, талаа жана жайыттарды кыдырышкан.