Кытайдын оор жүк ташуучу ракетасы Чанчжэн-5тин сыныктары, атмосферада күйбөгөндүктөн, Мальдив аралына жакын Инди океанына кулап түштү, деп жазат “Meduza”.

Белгиленгендей, ракетанын көпчүлүк сыныктары атмосферада күйүп кеткен.

«Чжэнчэн 5» ракетасы 29-апрелде космоско учурулган. Батыш космос агенттиктери салмагы 18 тоннага жакын болгон ракетанын, экинчи этабы орбитага чыкпай, башкаруудан чыкканын жана сыныктар эл жашаган аймактарга түшүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышкан.

Бул тууралуу, «Кытай ракетасынын калдыктары түшүп кетишине байланыштуу, жоопкерчилик стандарттарын сактабай турганы айдан ачык», — деген НАСАнын өкүлү Билл Нелсон.

Экинчи этаптын түшүп кетишин НАСА, АКШнын Космостук командачылыгы, Роскосмос жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү  башка түзүмдөр көзөмөлдөп турушкан.

29-апрелде учурулган «Чанчжэн-5» ракетасы орбитага курулуп жаткан Кытай космос станциясынын негизги модулун жеткирген. Тарыхта МКС жана “Мирден” кийинки үчүнчү көп модулдук станцияга айланган станциянын курулушун 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.