Кылмыш-кырсык

Кара-Кулжа районунда бир нече айылды суу каптады. Сүрөт

Кара-Кулжа районунда 11-май күнү саат 05:20 чамасында жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары “Жаны-Монол” жана “Эски Монол” каналдарынан ашып, Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарда жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун каптаган жана Мырзаке-Кара-Кулжа–Алайку унаа жолунун 10-17-20-чакырым аралыктарын кум шагылга толгон, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жеринде КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник А.Сулайманов жетектеген ыкчам топ жана Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн 22 куткаруучу, 1 өрт өчүрүүчү унаа, айыл аймактан 3 жүктөгүч жана 5 экскаватор тартылган. Куткаруучулар Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолун ачып, учурда жабыркаган айылдарды тазалоо иштери уланууда.

Эскерте кетсек: 8-май күнү саат 23:00 чамасында каттуу жааган жандан Кара-Кочкор айыл аймагынын Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн короо жайларын, социалдык объектилерди, ички чарбалык унаа жолдорду жана сел өтүүчү Сары-Булак, Нура Атакул каналдарын кум-шагылга толтурган.

Возможно, это изображение (один или несколько человек, люди стоят, дерево и водоем)

Возможно, это изображение (один или несколько человек и на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (дорога и дерево)

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button