Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 350 млн юань (54 млн АКШ доллары) кайтарымсыз жардам бөлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, КЭРдин тышкы иштер министри Ван И билдирди.

КР ТИМден билдиргендей, 11-майда Сиань шаарында КЭРге расмий иш сапарынын алкагында КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаевдин КЭРдин ТИМ башчысы, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Министр Ван И КРнын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүдөгү аракетин жогору баалады.

“Тараптар аймактагы тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, Борбор Азияда коопсуздук жана туруктуулукту камысздоо, жаралган маселелерди сүйлөшүулөр жолу менен чечүүгө умтулуу аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн чечүүчү мааниге ээ экендигинде бирдиктүү болушту. Кытай тарап муктаждыктар жана керектөөлөр боюнча кошумча так маалымат берилгенден кийин КРнын жаңжалдуу аймактан жабыркаган жашоочуларына жардам көрсөтүугө даяр экендигин билдирди”,-деп айтылат маалыматта.

КЭР өкмөтү Кыргызстан эли тандан алган өнүгүүгө болгон жолун урматтайт жана КРнын жаңы шайланган президенти С.Жапаровдун реформасын колдоого даяр. КР менен КЭР ортосундагы эки тараптуу кызматташууда алар коңшулардын ортосундагы мамилелерди түзүүнүн үлгүсүн көрсөтүүсү керек.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында КР ТИМи менен КЭР ТИМинин ортосунда 2022-2023-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюлду.