Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Баткен облусуна келип, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолукту. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Ал балдар менен жакындан баарлашып, ар бирине бекем ден соолук, кең келечек каалады.  Ошону менен катар жалпы 138 балага 3000сомдон акчалай жардам көрсөттү.

Ассоль Молдокматова окуядан жабыр тарткан 138 баланы керектүү кийим кече менен камсыздап, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Ысык-Көлгө, 10 күндүк  эс алууга алып бараарын айтып, ата энелер менен макулдашты.