1996-жылдан бери Кумтөр кенинде техникалык себептерден улам 19 киши каза болгон, 47 жумушчу майып болуп калган. Бул тууралуу 17-майда «Кумтөрдүн» ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын  төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, ишкананын ишмердүүлүгү учурунда 1998-жылы эң трагедиялуу болгон. Анда “Кумтөр Оперейтинг Компани” жүк ташуучу унаа кырсыкка учураган.

Натыйжада Барскоон дарыясына 1740 кг цианид төгүлгөн. Бирок андан кийин суу хлор менен дезинфекцияланган деп айтылган. Жергиликтүү тургундар хлор менен ууланган. Алардын айтымында, 2000ге жакын адам жаракат алды, 2 адам каза болду. Соттук териштирүү ушул күнгө чейин уланууда.

Жогорку Кеңеш ушул тапта «Кумтөрдүн» айланасындагы маселелерди талкуулап жатат. Анда кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия маалымат берүүдө. Бул жыйынга президент Садыр Жапаров да катышары айтылган, кийин келбей калганы белгилүү болду.