Коом

Министр Улан Ниязбеков чукул кайрылуу жасады

Ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун түп-тамырынан бери жогорулатуу, коомдук тартипти камсыз кылуу, элдин укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоо боюнча жоопкерчиликти күчөтүү чаралары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору

Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана

Ички аскерлердин аскер кызматчыларына

КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу милиция кызматкерлери, ардагерлер!

Урматтуу Ички аскерлердин аскер кызматчылары!

Бир кылымдан ашуун мезгилден бери ички иштер органдары элдин жана мамлекеттин негизги таянычы болуп, кылымдар бою калыптанган адам укугун, коомдун жана элдин коопсуздугун коргоп келүүдө жана мындан ары да коргой бермекчи.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 5-майда, өлкө элине кайрылуу жасады. Ал кайрылууда мамлекет башчысы укук коргоо органдарынын алдына олуттуу тапшырмаларды койду. Кайрылууда мыйзамдын үстөмдүгү орномоюн, биздин жарандардын коопсуздугуна кепилдик берилмейин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү мүмкүн эмес. Ошондуктан, биринчиден, укук коргоо системасын реформалоо эң оболу мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүүгө жана жарандардын бийлик институттарына болгон ишенимин арттырууга багытталууга тийиш. Кадрдык саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүү жана өркүндөтүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу керек. Акыркы учурларда калктын аялуу катмарларына, айрыкча аялдарга, балдарга, ошондой эле менчикке кол салуу сыяктуу кылмыштар коомчулукта чоң резонансты жаратууда. Мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу керек деп эсептейм. Ошону менен катар эле, майда кылмыштуулукка байланыштуу мыйзамдарды гумандаштыруу боюнча да ишти улантуубуз керек. Ал үчүн керектүү укуктук негиздер бар. Тергөөнүн жана соттун мындай кылмыштарды туура квалификациялоосуна жетишүү керек деп баса белгиледи.

Биз Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кайрылуусундагы белгиленген негизги багыттардагы ишмердүүлүгүбуздү иш жүзүнө ашырууну жана аткарууну талап кыламын.

Ал эми биздин коомдогу туруктуулукту, тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылуу, адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо, өлкөнүн мындан аркы табигый туруктуу өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошуу, калктын коопсуз жана тынч өлкөдө жашоосун камсыздоо боюнча келечекке карай биргелешип кадам таштоо Ички иштер министрлигинин негизги жана эң маанилүү багыты болуп эсептелет.

Ички иштер органдарынын негизги аткаруу милдеттерине жарандардын укугун, эркиндигин, өмүрүн жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошону менен бирге укук бузууларды алдын алуу милдеттери жүктөлгөн.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана чыңалышына катардагы миңдеген офицерлер жана кенже курамдагы кызматкерлер өзүнүн жанын аябастан ар-намыс жана эрдик менен элге кызмат кылып келет. Алардын ата-бабаларыбыз кашыктап чогулткан баалуулуктарын сактоо үчүн жасаган эрдиктери боюнча көптөгөн мисалдарды келтирсек болот.

Бүгүнкү күндө, элди жалпы биримдикке бириктирүү, кыргыз элинин эркиндигин жана көз карандысыздыгын сактоо, анын руханий, адеп-ахлактык, маданий, улуттук жактан өнүгүүсүнө салым кошуу, жарандардын жыргалчылыгын, коомдун коопсуздугун жана тынчтыгын камсыздоо ар бир катардагы кызматкерден жогорку жетекчиликке чейинки кызматкерлердин негизги милдети жана аткаруу үчүн жан-дилин берүү абзел.

Ата-Мекендин жана мыйзамдын коргоочусу деген атты алып жүрүү оор жана өтө жооптуу. Бул жоопкерчиликти аткаруу чексиз кайраттуулукту талап кылат жана адамды патриоттуулукка тарбиялоонун баа жеткис турмуштун чыныгы мектеби болуп саналат.

Кыргыз милициясы канчалык патриоттуулук милдетине бекем туруп, өз милдетин жогорку деңгээлде алып барбасын “бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, Ички иштер органдарынын катарында кызматтык милдетин өз кызыкчылыгына колдонгон кызматкерлерда жок эмес. Бул көрүнүш Кыргыз милициясынын кадыр-баркына жана беделине көө түшүрүп келет.

Милицияга жардам сурап кайрылган жаранга кайдыгерлик жана орой мамиле жасоо бул айрым кызматкерлердин моралдык сапаттарынын төмөндүгүнөн кабар берет.

Эгемен алган жылдардан кийин кыргыз милициясы ар кандай оор кырдаалдардан өттү. Бирок ошого карабастан элдин ишеним денгээлин жогорулатуу максатында кызматкерлерди өз милдеттерине бекем туруусун камсыздоо менен, башка жактардан материалдык жана техникалык көз карандуулугун болтурбоо үчүн ар бир кызматкерге жогорку иштөө шарттарын түзүү боюнча иштер аткарылып келет.

“Беш манжа тең эмес” дегендей, ички иштер органдарынын ишмердигинде кемчиликтер жана көйгөйлөр да жок эмес. Мисалга алсак:

Ички иштер органдарынын түзүмдөрүндө башкы башкармалык, башкармалык жана бөлүм болуп бөлүнгөнү менен ар биринин конкреттүү милдеттерин жана функцияларын так бөлүп көрсөтүүнүн жетишсиздиги, бул көрүнүш ар биринин ишмердигинин артыкчылыктарын жана аткарылган иштеринин натыйжаларын баалоодо кыйынчылыктарды жаратат;

Бар болгон штаттык түзүмдөр жана уюштуруу техникалык каражаттары туура жана сарамжалдуу пайдаланылбайт. Натыйжада, ички иштер бөлүмдөрүнүн иш-жүктөмдөрүндө теңсиздик орун алып келет.

Ички иштер органдарынын калк менен түздөн-түз иш алып барган бөлүмдөрү тарабынан эл менен өз ара кызматташуу иштеринин жетишсиздиги, андан тышкары жергиликтүү бийлик органдары жана жарандык коомдук уюмдар менен толук кандуу иштер уюштурулбай келет;

Жарандардын, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларына кайдыгерлик менен мамиле жасалуусу;

Кылмыштуулукту алдын алуу жана орун алган жагдайлардын себептерин жана шарттарын аныктоо боюнча тутумдуу чаралардын көрүлбөй келиши;

Өлкөнүн келечеги болгон жаштардын кылмыштарга аралашуусуна, анын ичинде диний экстремизмге жана баңгиликке азгырылуусуна, никеге туруу үчүн адам уурдоого барууларына өз учурунда таалим-тарбиялык иштердин жетишсиздиги;

Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча даярдоо жана кайра даярдоо иштеринин сапатынын начардыгы. Анткени, жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара алуу кылмыштары байма-бай катталууда;

Ички иштер органдарындагы материалдык-техникалык базалардын эскириши. Ошондуктан замандын талабына ылайык, заманбап каражаттар жана жабдуулар менен камсыздоо зарылчылыгы бар. Азыркы күндө Ички иштер министрлиги тарабынан зарыл чаралар көрүлүүдө.

Жогорудагы көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча ички иштер органдарынын бардык кызматкерлерине тез арада зарыл чараларды көрүү тууралуу

НАСААТ БЕРЕМ:

• Ички иштер органдарынын кызматкерлери өзүнүн ишмердигинде ар бир адамдын улутуна, жашына карабай укугун сыйлоо, тарбиялык мааниси бар сапаттарын жогорулатуу боюнча аракеттерди көрүү, ошону менен катар жарандардан мыйзамдуулукту жана тартипти талап кылуунун жана сактоонун мүнөзүн калыптандыруу аракетин көрүү;

• Массалык маалымдоо каражаттарында чагылдырылган ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери же коомчулукта резонанс жараткан терс окуялары талданып, мыйзам чегинде чаралар көрүлсүн. Кызматкерлердин кесиптештер арасындагы бир-бирине оройлук же текебердик мамилелерине жол бербөө боюнча тарбиялык маанидеги иш-чаралар уюштурулсун;

• Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин мыйзамдуу талаптарын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кыйшаюсуз аткаруусун уюштуруу;

• Жалпы ички иштер органдарынын имиджин көтөрүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары менен маалыматтык, чыгармачыл жана башка багыттар боюнча өз ара кызматташуу иштерин күчөтүү зарыл;

• Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жүрүм-турум этикасы, кыймыл-аракеттери, алардын сүйлөө жана жазуу маданияттарын жогорулатуу боюнча окутуу иштери ар дайым жүргүзүлсүн;

• Ар бир кызматкер өзүнүн алып жүрүүсүн жана форма кийимдерин тыкан кийүүсүн ар дайым көзөмөлдөө керек. Табелдик ок-атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды туура колдонуу, пайдалануу зарыл;

• Мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти системалуу түрдө бузган кызматкерлерге өз учурунда мыйзам чегинде принципиалдуу түрдө баа берүү мезгилдин талабы. Ошону менен катар, кызматкерлердин жүрүм-турумундагы терс көрүнүштөргө алып келген себептерди жана шарттарды аныктап, аларды жоюу боюнча тынымсыз аракеттерди көрүү зарыл.

• Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ар-намысынын жана кадыр-баркынын корголушун камсыз кылуу боюнча зарыл чаралар көрүлсүн.

•Ички иштер органдары бардык өз ара кызматташуу формаларын пайдалануу менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен кызматташуу иштерин күчөтүү зарыл.

ТАЛАП КЫЛАМ:

• Адам укугун жана эркиндигин коргоо менен мамлекеттин кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамсыз кол салуулардан сактоо ички иштер органдарынын түздөн-түз негизги милдети болуп саналат;

• Адамдардын жашына, улуттук тегине, расасына, динине жана жынысына карабастан урматтоо, кадырлоо жана жылуу сөз менен кайрылуу иштери көзөмөлгө алынсын. Кайрылган жарандарга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.

• Кызматкерлердин күнүмдүк ишмердиги коомчулукка жеткиликтүү, жөнөкөй жаранга түшүнүктүү нукта уюштурулушу зарыл.

Ар бир кызматкер моралдык-этикалык принциптерди так сактоо менен коомчулукта, анын ичинде жөнөкөй жарандын аң-сезиминде ички иштер органдарынын позитивдүү образын түзүүгө аракет кылуу.

• Ар бир кызматкер жарандар менен иш алып барууда сылык-сыпаа болуу, жарандардын кыймыл-аракеттерине мыйзам чегинде калыс жана адилеттүү баа берүү, алардын суроо-талаптарына жана билдирүүлөрүнө аяр мамиле жасоо, ошол эле учурда, өзүнө айтылган сын-пикирлерди туура кабыл алып, ал кемчиликтерди тез арада жоюуга аракеттерди көрүү;

• Ишмердикте орун алган каталар адамдардын тагдырынын бузулушуна алып келээрин эстен чыгарбай, кайдыгерликке жана шалаакылыкка жол бербөө боюнча көзөмөлдү күчөтүү;

• ИИМдин Басма сөз кызматы менен биргеликте үзгүлтүксүз, керек учурда кырдаалга жараша, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук коопсуздукту сактоо жана жол коопсуздугун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалыматтарды элге ар дайым жеткирип туруу;

• Милдеттүү түрдө кайтарууга алынган объектилерди, анын ичинен өзгөчө маанилүү мамлекеттик объектилерди, атайын жүктөрдү жана башка объектилерди, ошондой эле макулдашуулар менен жеке жана юридикалык тараптардын мүлкүн, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин кайтаруу ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн уюштуруу чараларын кабыл алуу;

•Коомдук-саясий кырдаал ар дайым көзөмөлдөнсүн. Алдын алуу жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, өлкөдөгү ыкчам кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча абалга жараша чаралар көрүлсүн;

• Ички иштер органдарынын кызматкерлери арасындагы мыйзамдуулукту жана тартип бузууларды, уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыш түзүп, ар тараптуу көмөк көрсөтүп жүргөн ИИОнун кызматкерлерин тактап, мындай терс көрүнүштөргө бөгөт коюу чараларын жүргүзүүнү;

• Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу, ар бир кызматкердин жеке саламаттыгын камсыздоо боюнча уюштуруу иш-чаралары күчөтүлсүн;

• Чет элдик туристтердин коопсуздугун сактоо жана аларга укуктук жардам берүү, өзүн эркин алып жүрүүсүн камсыз кылуу жана аларга карата болгон ар кандай укук бузуулар жана кылмыштар боюнча ыкчам иш-чараларды көрүү күчөтүлсүн;

• Ички иштер министрлигинин эл аралык мамилелери кеңейип, адам укуктарын коргоо жаатында чет мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу динамикасы өсүүдө. Буга байланыштуу ички иштер органдарынын ишмердигин жакшыртуу багытында заманбап технологияларды колдонуу менен кылмыштардын бетин ачуу боюнча чет өлкөлүк укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен кызматташууну чыңдоо багытында иш-аракеттерди күчөтүү;

• Жарандарга кызмат кыла турган санариптештирүү тутумунун негизги багыттарынын бири “Бирдиктүү терезе” сыяктуу сервердик багыттагы кызматтардын тоскоолдуксуз иш алып баруусун, ошондой эле сервердик жабдуулардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга жана жаралган көйгөйлөрдү минималдаштырууга багытталган аппараттык жабдуунун жана программалык камсыздоонун иштөөсүн толук кандуу көзөмөлгө алуу.

СУНУШ КЫЛАМ:

• Бул кайрылууну Ички иштер министрлигинин ички иштер органдарынын жана Ички аскерлеринин өздүк курамына жеткирүүнү, анын текстин стенддерге, нөөмөттүк бөлүктөргө, кызмат өтөө класстарына, жарандарды кабыл алуучу жайларга жайгаштырууну.

• Кайрылууну Ички иштер министрлигинин билим берүү мекемелеринде билим берүү процессин уюштуруу жана өткөрүү үчүн негиз катары пайдаланууну.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри

милициянын генерал-майору У. Ниязбеков

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button