Кылмыш-кырсык

Бишкекте 15 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап каза болду

Бишкекте 15 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетти. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-май күнү саат 11:00 чамасында Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн терезесинен өспүрүм кулап кетти деген билдирүү милицияга келип түшкөн.

«Окуя болгон жерде тергөө-ыкчам тобу тарабынан 15 жаштагы А.Р. белгисиз жагдайлардан улам, турак үйдүн 16-кабатынын балконунан кулап кеткен. Келген тез жардам кызматынын дарыгерлери анын каза болгонун билдиришти. Факт ERPPде катталды, керектүү экспертизалар дайындалды », — деп билдиришти РИИБден.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button