Жаш аткаруучулар арасында «Жаңы муун» деп аталган республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Аталган иш-чараны министрлик Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерватория жана Sound KG компаниясынын көмөгү менен өткөрмөкчү.

Ага 14 жаштан 25 жашка чейинки пианисттер катыша алат. Тандоо 4-8-июнь күндөрү Улуттук консерваторияда өткөрүлө турганы маалым болду. Жарыштын байге фонду 225 000 сом экенин билдиришти.

Сурап билүү телефону: 0559 43 55 24.