Коом

Борбор калаада 4 миңден ашуун балага социалдык колдоо көрсөтүлөт

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 4 миңден ашуун балага материалдык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, даректүү социалдык колдоо 4 миң 993 балага, ошондой эле шаардын социалдык өнүгүү органдарында каттоодо турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга борбордун почта бөлүмдөрү аркылуу төлөм түрүндө берилет. «Мындан тышкары убактылуу баш калкалоо борборлорундагы 1000 бала жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген 20 бейөкмөт уюм таттуу белектерге ээ болушат. Шаардык бюджеттен 2 миллион сомдон ашык каражат каралган», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button