Коом

“Элим барсыңбы” фонду Баткенде жабыркаган жарандарга  18 млн 725 миң сомдук жардам көрсөттү

“Элим барсыңбы”?! коомдук кайрымдуулук фонду 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу жанжалдан жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөттү.

Куралдуу жаңжалда каза болгон 19 жарандын үй-бүлөсүнө 165миң сомдон, дагы 18 каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө 125миң  сомдон акчалай жардам беришти.

Ал эми оор жараат алган  37 жаранга100 миңсомдон, 51 орто жарадарларга 66миң сомдон, 82 жеңил жарадар болгон жарандарга 17 миңсомдон, жалпы 170 жараат алган жаранга жардамдар жеткирилди.

Турак жайсыз калган 138 үй-бүлөгө 35миң сомдон, дагы 3 үй-бүлөгө 25миң сомдон жардам көрсөтүлүүдө.

Аталган фонддун өкүлдөрүнүн айтымында, бул каражаттын негизги бөлүгүн, тагыраагы  17.595.178 сомду, Америка Кошмо Штаттарында жашап жана эмгектенип жаткан  мекендештер которушкан.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button