Саясат

Президенттин кортежи катышкан жол кырсыгы. Кылмыш иши козголду

Садыр Жапаровдун кортежи менен болгон жол кырсыгы фактысы ЕРППде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Коопсуздук эрежелерин бузуу жана  автотранспортту  эксплуатациялоо” беренеси боюнча катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Кылмыш ишинин тергөө амалдарын Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатканы такталды.

Укук коргоо органдары кырсыкка шектүү учурда ооруканада экендигин кабарлашты.

«Ал адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген эмес. Милиция авто-техникалык жана химиялык экспертизаны дайындады. Экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин, жол кырсыгынын бардык катышуучуларынын аракеттерине укуктук баа берилет »,- деп билдирет Башкы прокуратурадан.

Эске салсак, 3-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда барган учурда коштоочу унаалардын катышуусунда кырсык болгон. Беш адам жаракат алып, өлкө башчынын жеке дарыгери каза болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button