Жаратмандар

Түндүк жана Түштүк Кореянын чек арасын роботтор кайтарып баштайт

 Корея Республикасы күзүндө чек араны роботтор менен кайтарууну баштоону пландап жатат. 2,5 миллион долларга бааланган эң алдыңкы сенсорлор жана жасалма интеллект менен жабдылган алгачкы эки роботту демилитаризацияланган аймактын түштүк тарабында жайгаштыруу пландаштырылууда.

Роботтор үч ай бою пилоттук режиминде иштейт. Алар атайын рельстер менен секундасына беш метрге чейин ылдамдыкта жүрүп, күнү-түнү нөөмөттө турушат. Түзмөктөр жогорку резолюциядагы  камералар жана заманбап сенсорлор менен жабдылган.

Жаратуучулар роботтор чек арада шектүү иш-аракеттерди байкап, операторлорго эскертүү берет деп үмүттөнүшөт жана убакыттын өтүшү менен бул өзүн-өзү үйрөнүү тутуму натыйжалуу иштейт, деп билдирет ТАСС агенттиги.

На границе между Южной и Северной Кореей будут дежурить роботы. Их там разместят с осени

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button