Коом
Шашылыш билдирүү! Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот
Бүгүн, 6-июлда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында 1 сааттын ичинде катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.