Коом

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы жашы жете электер менен жол коопсуздугу боюнча иштерди күчөтүүдө

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын протоколдук тапшырмасын жана ИИМдин жетекчилигинин талаптарын аткаруу максатында  2021-жылдын 23-июль күнү билим берүү жана илим министрлиги, өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Чүй ОИИББдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине   жай мезгилинде жашы жете электердин катышуусундагы жол-транспорттук кырсыктарынын алдын алуу боюнча тескемесин өткөрүштү.

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы жол кырсыктарынын алдын алуу  жана ИИОнун  кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында Чүй ОИИББдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өздүк курамына маалыматтар берилип,  “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жашы жете электердин арасындагы алдын алуу иштери жөнүндө»  буйругу жеткирилди.  Ошондой эле, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  башкармалыгынын  кызматкерлерине балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган натыйжалуу чараларды көрүү боюнча көрсөтмө берилди. Балдардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарын алдын алуу жана балдарга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча ар кандай профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү, ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүнү, балдарды жолдо коопсуз жүрүм-турумга тарбиялоо боюнча  алардын жоопкерчилиги түшүндүрүлдү.

ИИМдин  Коомдук коопсуздук кызматы жарандарга кайрылып, жол кыймылынын эрежелерин сактоону жана мас абалында унаа башкарбоону суранат. Ошондой эле, ата-энелерге  айрыкча жай мезгилинде  жашы жете элек балдарын көзөмөлдөп, сак болууну эскертет.

ИИМдин  Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button