Кылмыш-кырсык

Кабулда учактын шассисинен кулагандар 16 жана 17 жаштагы бир туугандар болгон

Талибан кыймылы Афганистандын борбору Кабулду басып алгандан соң, өлкөдө хаос орун алды. Миңдеген жарандар өлкөдөн чыгып кетүүнүн аркетин көрүшүүдө.

Американын аскердик учагына чабуул койгон афгандыктар учакттын шассисин кармап качып кетүүгө аракет кылышкан.

Учак абага көтөрүлгөндө анын шассисине жармашып качууга аракет кылган үч адам абадан жерге кулап түшкөнү байкалып, бул  окуя дүйнөнү дүрбөлөңгө  салды.

Кулаган үч адамдын экөөсү 16 жана 17 жаштагы бир туугандар экени аныкталды.

«British Mirror» маалымат булагы, жергиликтүү булактарга таянуу менен; Эки бир тууган, 8 бир туугандын улуусу болгонун, 20 миң киши Канадага же АКШга көчүрүлөт деген имиштерден кийин аэропортко чуркаган топ менен аралашып кетишкенин жазды.

Билдирүүдө, бир туугандардын биринин сөөгү дагы деле табыла электиги айтылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button