Саясат
«Унаа» мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев ээлеген кызматынан бошотулду
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Тумөнбаев Турусбек Тогузбайевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.