Саясат

Акыйкатчы Турсунбек Акун III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Бүгүн, 22-сентябрь Президент Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери, көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн 189 адамга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Анын арасында Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акунга III даражадагы «Манас» ордени тапшырылды.

Турсунбек Акун 2020-жылы Конституциянын жаңы долбоорун талкуулаган Конституциялык кеңешменин курамында болгон жана Башмыйзамды иштеп чыгууга активдүү катышкан.

Ал Борбордук Азия боюнча адам укуктары боюнча конгрессинин координатору, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button