Саясат

«Кумтөр» иши. Экс-премьер Жоомарт Оторбаев жана депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаров камакта калтырылды

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутаттар Асылбек Жээнбеков,  Төрөбай Зулпукаров жана экс-премьер Жоомарт Оторбаевдин бөгөт чарасы каралып, алар эки айга камакта калтырылды.

Алар 30-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.

Эске салсак, Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда УКМК тарабынан кармалган. Кийинчерээк анын «Кумтөр Голд Компанинин» чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук бергени айтылган.

Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган. 27-июлда анын бөгөт чарасы узартылып, 30-сентябрга чейин камакта калтырылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button