Коом

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Бишкексууканал» башкармалыгынын маалыматы боюнча, 14-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу болбойт жана таза суунун убактылуу өчүрүлушү «Батыш-2» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу.

Белгиленгендей, үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу өчүрүлөт.

Ала-Арча суусу темир жол линиясы, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары жана Жаш Гвардия — Темир жол линиясы, Фрунзе — Манас көчөлөрү чектешкен аймакта суу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button