Коом

“Кыргыз темир жолу” ишканасы 20 чакырым темир рельс сатып алды

Кыргыз темир жолундагы транспорттук процесстердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын өздүк каражаттарынын эсебинен 20 чакырым рельс сатып алынды.

«Бүгүн Р-65 рельстеринин биринчи партиясы келди. Рельстер жаңы,  2021-жылы чыгарылган жана биздин талаптарга жооп берет. Ушул жумада көйгөйлүү участкаларга рельс төшөй баштайбыз», — деди ишкананын башкы директору Азамат Сакиев.

  • акырым рельс төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

— темир жолдун 3933-чакырымынан 3946-чакырымына чейин («Балыкчы» станциясынан  148-чакырым чейин) 14 чакырым темир рельс менен төшөлөт;

—  3729 чм темир жолдон 3733 чмга чейин — 5 чм рельс (Кара-Балта станциясынан 141-разъездге чейин);

—  темир жолдун 3676 чм (“Мерке-Чалдовар”) 1 чакырым рельс төшөлөт.

Иш-чара “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу максатында аткарылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button