Коом

ИИМ: Ө. Текебаевге кол салгандарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери азыркы учурда Ө.Текебаевге кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн зарыл болгон бардык ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүдө.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ички иштер органдары тарабынан бул факты боюнча бардык жагдайлар текшерилип, шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана аларды кармоо максатында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыштын бетин изин суутпай ачуу үчүн масштабдуу ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Кылмыштын бетин ачуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button