Саясат

Социалдык тармактарда КР Президентинин жардамчысын дайындоо боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда жана өлкөнүн маалымат ресурстарынын биринде кайсы бир Мелис Абдыбаитовду КР Президентинин жардамчысы кылып дайындаганы тууралуу маалымат тарады. 

Ушуга байланыштуу бул маалымат чындыкка дал келбестигин жана жалган экенин коомчулукка маалымдоону маанилүү деп эсептейбиз.

Мындай аракеттери менен айрым адамдар коомчулукту адаштырып жатат деп эсептейбиз.

Жаран М.Абдыбаитов Мамлекет башчынын жардамчысы да, КР Президентинин Администрациясынын кызматкери да эмес жана  С. Н. Жапаровго эч кандай тиешеси жок.

ЖМКларды жана социалдык тармактардын колдонуучуларын ишенимдүү, расмий тастыкталган маалыматка гана ишенүүнү суранабыз.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button