Коом

Атыр Абдрахматова: «6 жыл мурун акыйкатчы болуп шайланганга аракет кылгам»

Атыр Абдрахматова: «6 жыл мурун  акыйкатчы болуп шайланганга аракет кылгам»

Бул тууралуу Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, ал бул кызматка 2015-жылы ат салышкан, бирок ошол кездеги бийлик анын талапкерлигин өткөртпөй койгон.

«2015-жылы 10-декабрында түнкү 10го чейин ЖК 3 тур добуш берүү өткөргөн. Акыркы үчүнчү турда менин талапкерлигим жалгыз добушка коюлган. Атамбаев, Ф. Ниязов менин өтүп кетишимен коркуп, ушак, интрига кылып, депутаттардын добуш берүүсүн  көзөмөлдөп, каршы добуш бердирген учурда да, 46 депутат колдоп, 5 бюллетенди жараксыз кылышып, андагы бийлик мени Омбудсмен кылбаштын айласын тапкан…

Эки күндөн кийин, 12-декабрь 2015-жылы “кызуля, кызымка” деп мага кайгырган атам, бул дүйнөдөн кетти…

Чындык, адилеттүүлүк, адептүүлүк  үчүн күрөштүн, Жаратканым берген дух, энергиянын, үлгүлүү коом курам деген аракеттин баасы кээде ушундай болот экен. Буйрук, билем… баш ийем.

Бирок, 2015-жылдан тарта Ноябрь-декабрь айлары, мен үчүн чынында ички дүйнөмдү бушайман кылган, өзүмө, тагдырга, Жаратканыбызга көп суроо жараткан айлар…

Кудайдын мага жеткиргиси келген бир чындыкты түшүнбөй жаткандаймын, чынында бир суроого жооп таба албай, дагы да изденүү жолундамын», — деп жазат ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button