Коом

Кыргызстанда чыгарылган автобус сыноо үчүн чет өлкөгө жөнөтүүгө даярдалууда

Өлкөдө жасалган автобус сыноо үчүн чет өлкөгө жөнөтүүгө даярдалууда. Бул тууралуу «Белес.KG» ЖЧКсынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү автобустун үлгүсү текшерүүдөн өтүү үчүн өлкөнүн чегинен тышкары мамлекеттерге жөнөтүүгө даярдалууда. Сыноолор аяктагандан кийин өнөр жайлык масштабда өндүрүү пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, өлкөдө биринчи жолу жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус чыгарылды. Бул автобус европалык DAF концерни менен бирге чогултулган. Өндүрүш жана жыйноо толугу менен Кыргыз Республикасында ишке ашырылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button