Коом

Чек ара чыры: Баткенде келтирилген чыгымдар 3 млн сомго жетти

Баткен районунун чек ара аймагында болгон куралдуу кагылышуудан келтирилген материалдык чыгым жалпы 2 млн 912​ миң 60 сомго бааланды. ​Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалым болгондой, эсептөө иштери Баткен райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан уюштурулду. Аталган окуяда 2 бастырма жана 1 унаа күйүп, 10 үй жабыркаган. Малдын чыгашага учураган фактылары катталууда.

Эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып кетишти. Эвакуациялангандардын арасында ооруканага жеткирилген оорулуулар да бар.

Учурда ​ Баткен районунун чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button