Коом

Акыркы суткада 243 адам коронавирус жуктуруп, 4 бейтап көз жумду

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 243 кишиден коронавирус табылып, 617 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:

Бишкек шаары – 124;

Ош шаары – 5;

Чүй облусу – 56;

Ош облусу – 5;

Талас облусу – 4;

Нарын облусу – 8;

Ысык-Көл облусу – 27;

Жалал-Абад облусу – 4;

Баткен облусу – 10.

Муну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 198 962ге жетип, анын ичинен 189 392си дартты жеңген. Азыркы тапта ооруканаларда 961 бейтап дарыланып жатса, 4 181 адам медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда.
Стационардагылардын ичинен 372 бейтаптын абалы оор болсо, 60 кишинин абалы өтө оор деп бааланды. Тилекке каршы, өлкөдө өлүм учурлары дагы эле катталууда. Кечээтен бери илдет төрт кишинин өмүрүн алган. Алардын үчөө Бишкектен, бирөө Чүйдөн экени айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button