Коом

Бейшеналиев: Травматология жана ортопедия борборунда бир ай ичинде реформа жасоо зарыл

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда бир ай ичинде реформа жасоо зарыл. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы тез жардам ооруканасын уюштуруу процесси өлкөдө жазгы талаа иштери башталганга чейин жүргүзүлүшү керек.

“Биз Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жамаатына жаңы жетекчини тааныштыра алган жокпуз, ошондуктан мен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылып, ал өзү жеке жаңы жетекчини жамаатка тааныштыруусун өтүндүм. Жаңы жетекчи Гулия Кожакматова менен Сабырбек Жумабековдун ортосунда тирешүү жүрүүдө. Буга байланыштуу мен жаңы жетекчиге Саламаттык сактоо министрлигинде отуруп эле оорукананы кайра түзүүнү тапшырдым”, — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button