Коом

Сабырбек Жумабеков мурдагы Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборунан кетти

Медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков мурдагы Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун башкы дарыгери кызматынан кетти. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев жазды.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-февралда Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөргөн ооруканага Сабырбек Жумабековдун ордуна Памир Муратов башкы дарыгердин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал жамаатка тааныштырылды.

Анын айтымында, жамаат менен жолугушуу 14-февраль күнү эртең менен болгон. «Жаңы башкы дарыгердин милдетин аткаруучу бүгүн дайындалып, коллективге тааныштырылды. Сабырбек Жумабеков кетти», — деди ал.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button