Коом

Чек арада туруп миллиндорду сугунгандар Баткендин прокурору Набиевди каралоо менен жоопкерчиликтен кутулгусу келип жатышабы?

Редакциябызга Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Бешкент айыл өкмөтүнүн бир катар активисттери кайрылып, жакында эле журналист Ыдырыс Исаковдун журналисттик иликтөөсүнө нааразычылыгын билдирди. Алардын айтымында, Исаковдун бул берүүсү бир тараптуу болгон жана айрым коррупцияга малынган жергиликтүү чиновниктердин заказы тартылган. Окуя тууралуу чындыкты чыркыраткан лейлектиктердин кайрылуусун төмөндө өзгөртүүсүз сунуш кылабыз.

«Урматтуу кыргыз элим!

Бүгүнкү бул кайрылуубуздун негизги себеби – акыркы убакта социалдык тармактар аркылуу өзүн “журналист–блогер” деп эсептеген Ыдырыс Исаков Лейлек жергесинин Жаӊы-Жер айыл аймагына барып, элдерди чогултумуш болуп, дүрбөлөӊ салып, “Чубактын чуусундай” болгон үч сериялуу “кинобаян” тартып, аны Ютуб каналынан кыргыз коомчулугуна таркатуу аракеттерин көрүп жатат. Ал “кинобаян” атайын эле чоӊ заказ менен (чоӊ акчага!) тартылганы айдан ачык эле көрүнүп турат. Себеби, ошол жерге атайын бирөөлөр тарабынан чогултулган эл, бир эле адамдын “интервью-монологу”, экинчи жакты каралап, алардын да оюн укпастан, атайылап жалаа жабуу ж.б. – бир тараптуу жактын кызыкчылыгын көздөгөнүн ачык эле айгинелеп турбайбы?! Жакшылап баамдаган адамга бул заказ атайылап элге шоу жаратуу далалаты экени байкалат…

Ал шоуну заказ берген адамдардын түпкү максаты каякта жатканын жакшылап изилдеп көрсөк – баягы эле өзүнүн былыгын жашырыш үчүн жан талашкан эле кичинекей топтун аракети экен. Ошол топтун негизи көзүрлөрүнүн бири — убагында ошол Баткен областынын прокурору Набиев Нуркамалдын атасы Бурхан Набиевдин эӊ жакын, бапестеп өстүргөн иниси – Турсунбек Жалиловдун (убагында бул кишини Бурхан Набиевич центральный вуздардын бирине өткөрүп, “агроном” адистигин алып берип, бүтүп келген соӊ Кулунду колхозунун башкы агроному, Коминтерн совхозунун парткомунун секретарлыгына чейин көтөрмөлөп келгендигин элдин баары билет) баласы – Бекжан Жалилов чоӊоюп, билим алып, Жаӊы-Жер айыл өкмөтүнө адис, андан кийин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп жакынкы арага чейин иштеп келди.

Ал эми экинчи “каарманыбыз” ошол эле айтылуу Бурхан Набиевдин эӊ жакын жан досу Искандар Эгембердиевдин баласы – Саатбек Эгембердиев. Ушул эки “каарман” – Саатбек жана Бекжан мырзалар 2014-жылдан бери бири-бирин алмашып, бири-бирине элдин акчасына кантип кол салып, уурулук шылуундук жолдор менен жеп-жашырганды жакшы эле үйрөтүп, өздөштүрүп калган экен.

“Кыӊыр иш кырк жылда” дегендей, бул экөөнүн Жаӊы-Жер айыл өкмөтү боюнча жасаган кылмыш иштери да ачыкка чыгып калып, тиешелүү органдар тарабынан текшерилип, көз карандысыз аудитордук компания тарабынан аныкталып, Лейлек районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, Лейлек райондук архитектура башкармалыгынын адиси, Баткен областынын архитектуралык курулушту контролдоо башкармалыгынын инспектору тарабынан тастыкталып, түзүлгөн аудитордук отчеттун жана актынын негизинде Лейлек райондук прокуратура органына 2022-жылдын 15-мартында өткөрүлүп берилген. Ошол күндөн бери прокуратура органында Бекжан Жалиловго, Саатбек Эгембердиевге, ошону менен бирге кылмышка тиешеси бар делинген бир катар жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголуп, 4 млн. 227 миӊ 279 сомду кымырып алган факты далилденип, аталган баатырлардын түн уйкулары бузулду. Текшерилген 34,76 млн. сарпталган сомдун ичинен 4, 227 млн. сому текшерүүчүлөр тарабынан толук аныкталган. Ал эми калган аныкталып, бирок документтери толук болбой калган 3 млн. 400 миӊ сомдун документтери тергөө органдары тарабынан иликтенип жатат. Ошондо, жалпысынан алганда, Эгембердиев менен Жалиловдун мамлекетке келтирген зыянынын суммасы 7 млн.сомдон ашык акчаны түзгөндүгүн баса белгилейбиз. Себеби, өлкөдөгү социалдык абалга, бюджеттеги таӊсыктыкка байланыштуу аталган сумманы жеп-ичип алуу —  мамлекетке өзгөчө ири суммадагы зыян келтирүү болуп эсептелет.

Баткен областынын прокуратурасы аталган кылмыш ишин көзөмөл иретинде тескөөгө алып, туугандыгына карабастан,  ууру-коррупционерлерге Баткен областынын прокурору Нуркамал Набиев аёосуз күрөш жарыялап, коррупционерлердин бардык кылмыш иштерин ачыкка чыгарып жатканын сезип-билип туруп, Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев кылмыш ишин башка нукка буруп, кутулуу максатында “журналист-блогер” Ыдырыс Исаковду жалдап алып келип, жалган маалыматтарды таркатуу менен жана кылмыш ишинин бетин ачкан элди, анын ичинде Айбалаев Кыдыр (Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин мурдагы төрагасы), Бостонов Турабай (Жаӊы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, учурда — пенсионер) жана бир топ айыл активисттери Жалилов менен Эгембердиевдин мамлекетке келтирген зыянды көрсөтүп, ачыктап бергени үчүн ошол адамдарды блогер Ыдырыстын колу менен жалпы журтка жалган маалымат таркатып, мыйзамсыз, ыплас жолдор менен каралоо аракетин көрүп жатышат. Балким, Ютуб каналында көрсөтүлүп жаткан ошол “кинобаяндагы” чагылдырылган жалгандардын арасында чындык да бардыр… Өзгөчө бул “кинобаяндагы” Бостонов Турабайдын мурда кылган иштеринде юридикалык баа бериле турган эпизоддорго, анын күнөөсүнүн бары-жогун тиешелүү органдар териштирип алышаар. Бирок Набиев Нуркамалды көрүнгөн эле адамды, өзгөчө Бостонов Турабайды “крышевать” этет деп жана тиешеси жок иштерге аралыштырып, көз көрүнөө эле курулай жалаа жаап, эч бир так фактысы жок эле оозеки айыптоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын чара көрүлүшү мүмкүн.

Ал эми өзүн авторитеттүү “журналист-блогер” атаган Ыдырыс Исаков мырза дагы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана беделине шек келтирген жалган маалыматты жайылтуу кылмыш жоопкерчилигине алып келе тургандыгын жакшы билсе керек.

Андыктан, бир тараптуу жалган маалыматты таркаткандыгы жана айрым инсандардын кадыр-баркына шек келтиргендиги үчүн Бекжан, Саатбек жана алардын заказын аткарган Ыдырыс мырзалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылып калуусу толук мүмкүн.

Элибизде “алма сабагынан алыс түшпөт” деп бекер айтылбагандай, Бекжан Жалиловдун атасы – Турсунбек Жалилов дагы убагында ошол эле Жаӊы-Жер айыл өкмөтүндө башчы болуп турган кезде 6,5 км таза суу түтүктөрүн сатып жиберип, ошол кылган кылмышын каза болуп калган өзүнүн орун басары Табалдиев Курманбекке оодара салып, жакын тууганы, ошол кездеги Жогорку Кеӊештин депутаты — Жолчуев Бакир мырза аркылуу бармак басты, көз кысты кылып бүтүрөт. Андан кийинки кылмышы Маргун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда бюджеттен 2 млн.сом акчаны жеп-ичип коюп, ошол эле Жолчуев ортого түшүп атып, Башкы прокуратурадан айрым лейлектик прокурорлордун жардамы менен камалбай, калып калат. Ошол “өнөрдү” баласы  Бекжан да жакшы өздөштүрүп, ушул тапта жаап-жашыруу аракетин көрүп жаткан кези.

Чындыгында, жакында Баткен областына прокурор болуп келген Набиев Нуркамал коррупция менен күрөшүүдө тууган-туушкан, жоро-жолдош дегендерге карабастан, көп кылмыштын бетин ачып, өз көзөмөлүнө алууда. Ошол аракетине байланыштуу дагы учурда ар кандай “арты таза эмес” адамдардын каралоосунун курмандыгы да болуп жаткандыгын эч ким тана албайт.

Биздин баамызда, эгерде Жаӊы-Жерде айтылуу Арканын “Березовскийи” – Бостонов Турабай, Арканын эки жүздүү ууру “Абрамовичтери” – Жалилов Бекжан жана Эгембердиев Саатбекке окшогондор кылмыш жоопкерчилигине тартылып, түрмөгө камалса, балким Ыдырыс Исаков “кинобаянында” бүткүл Арка элине жармаштырып салган “ тегиз уурулар” деген аттан арылабыз деген үмүттөбүз.

Сөзүбүз куру болбошу үчүн жогоруда айтылгандарга төмөнкү фактыларды кошо тиркейбиз:

«Ош Аудит» көз карандысыз аудитордук компаниясынын 2022-жылдын 4-мартындагы Аудитордук отчету (32 б.).

Лейлек райондук прокуратурасынын 2022-жылдын 10-мартындагы №8/306-22 сандуу катынын негизинде Баткен областынын капиталдык курулуш башкармалыгы, Лейлек РИИБнын жана Лейлек районунун архитектура башкармалыгынын адистери тарабынан түзүлгөн акты (2 б.).

Токтомдо аталган объекттер жана текшерүү учурунда ачыкталган жеп-ичүү фактылары тууралуу таблица түрүндөгү маалыматтар (1 б.).

Тиркемеге бардыгы болуп 35 барак тиркелет.

Жаны-Жер справка аудита

 

Булак: Медиасентр

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button