Коом

23-мартка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 23-мартта, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан- чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -1…+4 градус, Таласта 0…5, Ысык-Көл облусунда 4…9, Нарын облусунда 3…8 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 4…9 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкекте күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 1…3 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button