Коом

Бишкекте 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди

Бишкекте 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Массалык башаламандыктарды алдын алуу максатында Биринчи май райондун акимиаты райондук сотко митингди айрым жерлерге өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү боюнча арыз менен кайрылган.

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин имаратынын, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, президенттин администрациясынын жана УКМКнын алдында, “Ала-Тоо” аянтында митинг жана тынчтык акцияларын өткөрбөөнү мыйзамдуу деп тапты.

Аталган чектөө 13-апрелден 1-сентябрга чейин иштейт. Мындан ары чогулуш жана митинг М.Горький атындагы гүлбакчада өтүшү керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button