Бул тууралуу Maghreb Arabe Presse агенттиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдиргенин, Известия жазды.
Маалыматта белгиленгендей, гуманитардык жардамда азык-түлүк, балдар азыктары, дары-дармектер жана хирургиялык жабдуулар, ошондой эле жууркан жана ылайыктуу чатырлар болот. Мунун баары атайын уюштурулган каттам аркылуу палестиналыктарга тез жана түз жеткирилет.
Палестина анклавынын Саламаттык сактоо министрлигинин 30-июлдагы маалыматына караганда, Газа тилкесинде тамак-аштын жетишсиздиген каза болгондордун жалпы саны 154 кишиге жетти, анын ичинде 89у балдар.

