Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, 4-майдан 6-майга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.