Коом

Евразия өнүктүрүү банкы агроөнөр жай долбооруна 8 млн. доллар берет

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) агроөнөр жай комплексин колдоо программасын ишке ашыруу үчүн “Айыл банк” менен макулдашууга кол койду. Бул туурасында ЕАӨБдин маалымат кызматы билдирди.

Долбоордун суммасы 8 миллион доллар, максаты — агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү. Макулдашуу Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумунда түзүлгөн.

“Бул долбоор жүзөгө ашса айыл чарба өндүрүшүнө, ишканаларга, кайра иштетүүчүлөргө колдоо болот. Ошондой эле товар өндүрүү, жумушчу орундарын түзүү, салыктык төгүмдөр экономиканын өсүшүн шарттайт”, — деди ЕАӨБдин башкаруучулугунун төрагасы Николай Подгузов.

Аталган банк 2014, 2017 жана 2018-жылдары “Айыл банкка” Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо программасы боюнча 20 миллион доллар насыя бергени белгиленди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button